Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:30

АКШда соттолгон орусиялык учкуч америкалык аскерге алмаштырылды


Америкалык мурдагы аскер Тревор Рид Москвадагы соттук отурумда.
Америкалык мурдагы аскер Тревор Рид Москвадагы соттук отурумда.

Орусия баңгизат ташууга шектелип АКШда соттолгон учкуч Константин Ярошенкону Москвада соттолгон, америкалык мурдагы аскер Тревор Ридге алмаштырды. Бул тууралуу 27-апрелде Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

“Интерфакс” маалымат агенттиги Ярошенконун адвокатына таянып жазгандай, алмашуу үчүнчү өлкөдө өткөн. “РИА Новости” агенттиги үчүнчү өлкө Түркия экенин тактады.

Константин Ярошенко 2010-жылы Африканын батышындагы Либерия мамлекетинде америкалык атайын кызматтары тараптан кармалып, АКШга экстрадицияланган. Соттун өкүмүнө ылайык, орусиялык учкуч Венесуэладан АКШга төрт тонна кокаинди жеткирмек болгон. 2011-жылы ал 20 жылга соттолгон. Ярошенко абактан 2027-жылы чыгышы керек эле.

Орусия анын кармалышын “киши уурдоо” катары баалаган. Америкадагы адвокаттар ал баңгизат менен күрөшүү башкармалыгынын чагымынын курмандыгы болуп калган деп маалымат тараткан. Тергөөнүн жүрүшүндө Ярошенко колумбиялык козголоңчуларга курал сатууга айыпталып, АКШда соттолгон башка бир орусиялык жаран Виктор Бут менен байланышы ачыкка чыккан.

Теги техастык Тревор Рид 2019-жылы Орусиянын эки полиция кызматкерине кол көтөрдү деген айып менен 2020-жылы камакка алынган. АКШ өкмөтү жана Рид айыптоолорду четке кагып, соттук териштирүүлөрдүн адилеттүүлүгүнөн шек санап, анын кармалышында саясий мотив бар экенин жарыялашкан. Сот Ридди тогуз жылга кескен. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG