Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:12

"Азаттыктын" каармандары "Элдик мугалим" сыйлыгын алышты


Атыргүл Кутманова сыйлык алып жаткан учуру.
Атыргүл Кутманова сыйлык алып жаткан учуру.

Билимкана" фондунун "Элдик мугалим" сыйлыгы үч мугалимге ыйгарылды. Алар - Чаткалда эмгектенген Атыркүл Кутманова, алайлык Гүлжамал Калчабаева жана аксылык Осмонжан Абылкасымов. Жеңүүчүлөр үчүн Грузияга саякат уюштурулат.

Кутманова менен Калчабаева "Азаттык" радиосунун "Данисте" берүүсүндөгү "Тагдырды өзгөрткөн мугалим" түрмөгүнүн каармандары.

3-майда Бишкектеги Улуттук филармонияда "Билимкана" фондунун он жылдыгына арналган иш-чара уюштурулду. Ага ар аймактардан келген мугалимдер чакырылган.

Мыктыларды тандоодо алардын тажрыйбасы, окуучуларынын ийгиликтери эске алынганын уюштуруучулар билдиришти. Талапкерлер негизинен алыскы аймактарда иштегендер.

"Азаттык" - "Билимкана" фондунун "Элдик мугалим" сыйлыгынын медиа өнөктөшү.

Математик Атыркүл Кутманова жана географ Гүлжамал Калчабаева жөнүндө чыккан видеобаяндарды төмөндө көрсөңүз болот:

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG