Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

Киев “Азовсталдан” аялдар, балдар, карылар толук эвакуацияланганын кабарлады


"Азовсталь" заводу.
"Азовсталь" заводу.

Украинанын вице-премьер министри Ирина Верещук 7-майдын түнүндө Мариуполдогу “Азовсталь” заводунда орус армиясынын курчоосунда калган бардык аялдар, балдар жана карыялар эвакуацияланганын Телеграм каналына жазды.

“Президенттин буйругу аткарылды. Азовсталдагы бардык аялдар, балдар жана кары-картаңдар эвакуацияланды. Мариуполдогу гуманитардык операциянын бул бөлүгү аяктады”, - деп жазган Верещук.

Кийинчерээк Орусиянын Коргоо министрлиги да бул маалыматты тастыктады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский кечки кайрылуусунда эл аралык Кызыл Чырым жана Бириккен Улуттар Уюмуна ыраазычылык билдирди.

“300дөн ашуун кишини куткаруу мүмкүн болду, иш жүзүндө “Азовсталдагы” бардык атуулдарыбызды чыгарып кеттик”, - деген Зеленский гуманитардык иш-аракеттин экинчи этабында заводдун аймагында калган медиктер менен жарадарларды алып чыгуу каралып жатканын айтты.

Буга чейин Украина “Азовсталдан” болжол менен 500дөй киши чыгарылганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG