Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:55

Баласын эмдетпегендер көбөйүп, диний көз караштан улам баш тарткандар азаюуда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда диний көз караштан улам балдарын эмдетпей жаткандар азая баштады. Бул тууралуу бүгүн 11-майда “Азаттыкка” Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, былтыркы жылы эмделбей калган балдардын 50% ата-энесинин диний ишенимине байланыштуу болгон. Ага чейинки жылы бул көрсөткүч 68% болчу. Борбордун жетекчиси муну муфтият менен бирге эл арасында эмдөөнүн пайдасы жана коопсуздугу тууралуу жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин үзүрү деп атоодо.

Ошол эле учурда, Ишенапысова билдиргендей, Кыргызстанда эмдөөдөн баш тарткан учурлар жылдан жылга көбөйүүдө. Былтыр бул көрсөткүч 11 миң бала болду, ага чейинки жылы 9 миңдин тегерегинде болчу.

Адистер эмдөөдөн баш тартуунун себептерин изилдеп, ата-энелер балдарына вакцина сайдыруудан анын курамы, таасири тууралуу дарыгерлер жетиштүү маалымат бере албаганына, жеке диний көз карашына жана миграцияга байланыштуу баш тартканын аныкташкан.

Кыргызстанда бир катар оор, жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында балдарды төрөлгөн күндөн тартып атайын календар боюнча бекер эмдөө каралган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG