Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

ИИМ: Кылмыштуулук былтыркыга караганда 46% азайды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери кылмыштуулук көрсөткүчү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 46 процент төмөндөгөнүн 11-майда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) делегациясы менен жолугушууда ички иштер министри Улан Ниязбеков билдиргенин мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрдин айтымында, соңку он жылдан бери мындай көрсөткүч алгачкы жолу катталууда.

Ниязбеков кылмыш көп катталуучу жерлерге орнотулган 136 видеобайкоо камераларынын жардамы менен кылмыштардын жүзүн ачуу көрсөткүчү 25 процентке жакшырып, оор жана өзгөчо оор кылмыштар 40 процентке азайганын кошумчалады.

ЕККУ кыргыз милициясынын иштөө шартын жана техникалык камсыздоосун жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашырып келе жаткан негизги донорлордун бири. Бул күндөрү аталган уюмдун өкүлдөрү Бишкекте иш сапар менен жүрөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG