Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:59

"Азовсталдагы" украин аскерлеринин 264ү чыгарылды


Эвакуация учуру. 2022-жылдын 16-майы

Мариуполдогу "Азовсталь" заводунда орус аскерлеринин камоолунда калган украин аскерлери чыгарыла баштады. Соңку маалыматка караганда, жалпысынан 264 аскер чыкты.

Алардын арасынан оор жараат алган 53ү Новоазовск шаарына, дагы 211и гуманитардык коридор аркылуу Оленевкага жеткирилди.

Өлкө президенти Владимир Зеленский аскерлерди сактоо операциясы башталганын, буга убакыт талап кылынарын билдирип, чалгын кызматына, сүйлөшүү жүргүзгөн топко, Кызыл Чырым уюмуна, Бириккен Улуттар Уюмуна рахматын айтты.

Түштүктөгү Мариупол шаарында орус күчтөрүнүн курчоосунда калган "Азовсталь" заводунда 600дөй украин аскери каршылык көрсөтүүсүн улантып жаткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG