Бүгүн 19-майда Ошто «Куттуу эл» деп аталган форум өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, форум мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун демилгеси боюнча Ош шаардык мэриясынын колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Өлкөнүн бардык аймактарынан барган өкүлдөр, белгилүү окумуштуулар, ар тармактын эксперттери, саясатчылар, ишкерлер, жарандык коом өкүлдөрү ааламдашуу доорундагы жаңы чакырыктарды, стратегиялык программаларды, сунуштарды талкуулашат.
Форум Кыргызстанда былтыр июлда кабыл алынган “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” концепциянын алкагында уюштурулуп жатканы айтылды.
Кыргызстан көп улуттуу өлкө. Соңку маалыматтарга караганда, калктын 74% кыргыздар, 15% өзбектер, 5% орустар түзөт. (RK)