Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

Базарда ККМ колдонбоого уруксат берүү маселеси каралууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Базарда көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) колдонбоого уруксат берүү маселесин атайын түзүлгөн жумуш тобу талкуулап жатканы тууралуу маалымат 18-майда Экономика жана коммерция министрлигинин расмий сайтына жарыяланды. Анда айтылгандай, базарлардын өкүлдөрү менен жолугушуулар уюштурулуп, алар үчүн салыктын өзүнчө түрүн киргизүү маселеси талкууланып жатат.

Министрликтин салык саясаты боюнча башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабековдун айтымында, талкуу уланууда, чечим кабыл алына элек.

Салык боюнча жаңы мыйзамга ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикеттерди өткөрүшкөн. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтышкан.

Президент Садыр Жапаров 8-февралда Бишкектеги “Дордой” жана “Ош" базарларына барып, ишкерлерге ККМди ишке киргизүү максатын түшүндүргөн. Ал Кыргызстанда экономиканын 40% көмүскөдө калганын, ошону алып чыгуу аракети көрүлүп жатканын, кичи жана орто бизнес жабыркабасын деген аракет көрүлөрүн айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG