Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Орусиядагы кыргызстандык мигранттар маселеси талкууланды


Жээнбек Кулубаев жана Николай Удовиченко.

Орусиядагы кыргызстандык мигранттар маселеси 18-майда Кыргызстандын тышкы иштер министри (ТИМ) Жээнбек Кулубаевдин Орусиянын элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуусунда талкууланган маселелердин бири болгонун ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык мамилелер жана аймактык кызматташтык маселелери менен катар 26-27-майда Бишкекте өтө турган алгачкы Евразиялык экономикалык форумга даярдык тууралуу да сөз болду.

Министр Кулубаев Кыргызстан – Орусия саясий диалогу жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын, союздук жана стратегиялык мамилелерди ырааттуу өнүктүрүүгө багытталган кызматташтыкты улантуунун маанилүүлүгүн айтты.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган. Бирок ортодогу экономикалык тоскоолдуктар жоюлбай, кыргызстандык ишкерлер өндүргөн продукциясын уюмдун ичиндеги өлкөлөргө жеткирүүдө кыйынчылыкка дуушар болуп келатканын айтып келишет.

Кыргызстандын чет жактарда эмгек миграциясында жүргөн жарандары миллиондон ашканы бейрасмий айтылууда, алардын көбү Орусияда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG