Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Баткенде жемкорлукту айтып чыккан айыл башчыларды колдогон акция өтүүдө


Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиев
Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиев

Баткен райондук сотунун имаратынын алдында бүгүн, 19-майда Жаңы-Жер айылында мамлекеттик мүлктүн мыйзамсыз менчиктештирилгени боюнча иштин алкагында кармалган Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиевдин тарапкерлеринин акциясы өтүп жатат.

Алар “Урматтуу сот, адилет чечиңиз!, “Садыр Жапаров, Баткен элине колдоо көрсөтүңүз!, “Бекжан менен Саатбекке боштондук”, “Адилеттик орносун!” деп жазылган плакаттарды көтөрүп кыйкырып турушат.

Ушу тапта Жалилов менен Эгембердиевдин бөгөт чарасына байланыштуу маселе Баткен райондук сотунда каралып жатат.

Баткен облустук соту 13-апрелде Бешкент айыл өкмөтүнүнүн башчысы Бекжан Жалиловду жана Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиевди баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарган.

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, азыр айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиев, ушул эле айылдын мурдагы башчысы, азыр Бешкент айыл өкмөтүнүн жетекчиси Бекжан Жалилов жана Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн азыркы жооптуу катчысы Акжол Абдуллаев 25-мартта кармалган.

Алардын адвокаты Асылбек Кунгуров “Азаттыкка” билдиргендей, 2021-жылдын 26-августунда Баткен облустук прокуратурасы Жазык кодексинин “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” деген беренесинин негизинде факт боюнча иш козгоп, тергөөнү улантуу үчүн аны Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүнө өткөрүп берген. Быйыл март айында журналист Ыдырыс Исаковдун бул айылдагы жер маселеси тууралуу иликтөөсүнөн кийин тергөө жанданган. Азыр ишти облустук прокуратура карап жатат.(JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG