Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:59

Мурдагы жетекчи министрдин айткандары боюнча маалымат берди


Эсенбек Сатылканов.

Жети-Өгүз жалпы дарыгерлер практикалык борборунун мурдагы жетекчиси Эсенбек Сатылканов саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ал тууралуу айткандары боюнча 19-майда “Азаттыкка” комментарий берди.

Сатылканов ага карата Эмгек кодексинин “Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу” беренесинин негизинде иштен алуу тууралуу буйрук чыкканын, комиссия тууралуу укпаганын, чыр сыйлык алуу үчүн “министрден келдик” деп Барскоондон барган медициналык кызматкерлердин бирөө тууралуу сунуштамага кол коюлбагандыктан чыкканын билдирди.

Анын айтымында, төрт кызматкердин бири Бейшеналиевдин тууганы экени айтылган, ал жакшы иштеген медайым болгондуктан жамааты да, жетекчилик да сыйлыкка көрсөтүү тууралуу сунуштаманы колдоп берген. Ал эми дагы бири боюнча сунуштамага Сатылканов кол койбой койгон, муну аталган дарыгердин бул айылдагы иш тажрыйбасы аздыгы менен негиздеген.

Эртеси күнү, 26-апрелде, Сатылкановдун айтымында, ага министрликтен үч аудитор барып, текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада алар мамлекеттик сатып алууну тендерсиз жүргүзүү, айлык акысын жогорулатуу жана кызматкерлерди жумушка алуу боюнча мыйзам бузууларды аныктап чыгышкан.

“Министр менен өзүңүз бүтүшпөсөңүз, бул мыйзам бузуу деле эмес деп айтышты. Албетте, мыйзам бузуу бар, эгер мыйзамга такаса. Мамлекеттик сатып алууларга такашы мүмкүн, бирок аны тергөө аныктайт, сот чечет, уурдоо болдубу же жокпу”, - дейт Сатылканов.

Сатылканов министрдин анын тууганын кемсинткени тууралуу айтканын төгүндөп, андай болбогонуна үч киши күбө экенин билдирди.

Кызматтан алынганын ал 11-майда Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо боюнча координаторунан укканын, ошол эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин облустук башкармалыгына арыз жазганын тастыктады:

“Координатордун үстүнөн жазгам, такыр эле кууратты, акча-тыйын чогултканын токтотпойбу, чара көргүлө деп”.

Сатылкановдун айтымында, атайын кызматка арыз жазуусуна Медайымдар күнүнө карата “Министр 50-70 конок алып келет” дегенди укканы себеп болгон.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аны УКМК кызматкерлери эки жолу суракка алганын “Азаттыкка” 16-майда билдирген. Ал радионун суроолоруна жооп берип жатыпЭки ай мурун аудиторлор келип, Жети-Өгүздөгү башкы дарыгерди жумуштан алабыз деп, комиссия чечим чыгарган. Мен ал жакшы иштеп жатканын айтып, ошол жердеги медайымдарга “мыкты” деген наам берели дедим. Ал жерде менин тууганым да медайым. Башкы дарыгерден сыйлыкка сунуштама жазып берүүнү өтүнсө “байкең экенин билем, ошол жазып берсин” деп кемсинтиптир. Анан ал менин медайымдарга той өткөргөнү жатканым жөнүндө “үч тамгага” арыз жазып таштаптыр” деп айткан.

12-майда Медайымдар күнүнө карата Жети-Өгүздө кафеде министрлик майрам уюштурган.

13-майда УКМК Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору 100 500 сом пара алып жаткан жеринен кармалганын жарыялаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG