Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:11

Геологияны өнүктүрүү фонду «Жаш илимпоз» сынагын жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт.

Геологияны өнүктүрүү фонду «Жаш илимпоз» сыйлыгына республикалык сынак жарыялады. Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулуп жаткан сынактын максаты геология илимин жана кен байлыктарды геологиялык изилдөөнүн инновациялык технологияларын өнүктүрүү, жаш изилдөөчүлөрдүн кесиптик деңгээли менен кадыр-баркын жогорулатуу экени айтылды.

Сынакка геология илиминин жана практикасынын бардык өкүлдөрү катыша алат, сыйлык фондунун жалпы суммасы 200 миң сом деп белгиленди. Катышууну каалагандардын эмгектерин кабыл алуу 1-июнда башталып, төрт ай уланат. Жыйынтыгы ноябрь айында чыгарылат.

Кыргызстан табигый минералдык заттардын олуттуу потенциалына ээ өлкө. Геологдор республиканын аймагында түрдүү кендердин бир нече миңин аныктап чыгышкан. Алардын негизгилери – алтын, сымап, сурма ж.б. кендер. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG