Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:33

Бишкек милициясы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйшөмбү, 23-майдан тартып Бишкек милициясы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт. Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Евразия экономикалык форумун өткөрүүгө байланыштуу коомдук коопсуздукту камсыздоо чаралары күчөтүлөт.

26-майда өтө турган форумга Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин башчылары катышары пландалууда.

Коомдук жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого 26-28-май күндөрү 4 миң милиция кызматкери, 200дөй атайын автомашина тартылат.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. Бул уюмдагы төрагалык милдет быйыл Кыргызстанда. (RK)

XS
SM
MD
LG