Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Арменияда митингге чыккандар ТИМдин имаратын бөгөттөдү


Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) имаратын бөгөттөгөн митингчилер. 24-май, 2022-жыл.
Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) имаратын бөгөттөгөн митингчилер. 24-май, 2022-жыл.

Армениянын борбору – Ереванда премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып митингге чыккандар 24-майда Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) имаратынын жана башка өкмөттүк имараттардын кирип-чыгуучу эшиктерин бөгөттөштү.

Парламенттин оппозициялык вице-спикери, “Айастан” фракциясынын депутаты Ишхан Сагателян кызматкерлерди киргизбөө чакырыгын жасады. Анын айтымында, ТИМ Армениянын кызыкчылыгы үчүн иштебей жатат.

Армениядагы нааразылыктар апрелдин аягында башталды. 2-майда акциялар күчөп, “баш ийбөө” формасына өткөн. Алар көчөлөрдөгү кесилиштерде отургучтарды, таштанды челектерин пайдаланып, баррикада жасап, жолдорду бууганга аракет кылууда. Андан бери Тышкы иштер министрлигинин жана парламенттин имаратына да кирүүгө бир нече жолу аракет кылышты. Полиция менен кагылышуу болду.

Нааразылык акциясы премьер-министр Никол Пашиняндын “эл аралык коомчулук армян тараптан Тоолуу Карабактын макамы боюнча талаптарын жумшартууну күтүп жатат” деген сөзүнөн кийин тутанды. Жаңы сүйлөшүүлөр Тышкы иштер министрликтеринин деңгээлинде башталган. Оппозиция муну менен армян өкмөтү Тоолуу Карабак боюнча Азербайжандын шарттарына көндү деп жатат. Чогулгандар Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылууда.

Эки өлкө ортосундагы Тоолуу Карабак аймагында мартта кайрадан тиреш катталган. Апрелде эки тарап Тоолуу Карабактагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча тынчтык келишимин иштеп чыгууну жана эки өлкөнүн ортосундагы чек араны демаркациялоо боюнча комиссия түзүүнү макулдашкан.

Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Армения тараптан 4 миңдей, Азербайжан тараптан 3 миңдей адам каза болгон. Бул жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG