Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

Орусия: келишимдик негизде аскерге баргандардын жашын чектөө жоюлду


Мамлекеттик Дума, иллюстрациялык сүрөт.
Мамлекеттик Дума, иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик Дума келишимдик негизде аскерге кызмат өтөгөнү баргандардын жаш курагын чектөөнү жоюу каралган мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алды. Документти ошол эле күнү, 25-майда Федерациялык кеңеш дагы колдоду.

Документке ылайык, эми армияга барууну каалагандарга эмгекке жарамдуу (Орусияда бул 65 жашка чейинки эркектер) деген курактын чеги жоюлат. Буга чейин келишимдик негизде аскерге 40 жашка чейинки гана жарандар барып жаткан

Бул мыйзам долбоору Орусия Украинага бастырып киргенине үй айдан ашып, жапырт мобилизациялоо жараяны тууралуу сөздөр күчөп турган маалга туш келди.

Ушул айдын башында бир катар британиялык жана америкалык басылмалар чалгын кызматындагы булактарына таянып Орусиянын президенти Владимир Путин армиясы оор жоготууга учурап жаткандыктан жапырт мобилизациялоону башташы мүмкүн экенин жазышкан. Кремль мындай маалыматтарды четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG