Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Сот чечимисиз эле тыңшоого уруксат берилген мыйзам кабыл алынды


25-майда Жогорку Кеңеш Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жөнүндө мыйзам долбоорлорунун топтомун кабыл алды.

"Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" , "Контрчалгындоо иши жөнүндө", "Тышкы чалгындоо иши жөнүндө", "Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамдардын топтому кабыл алынды.

Мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талкууга алынган. Анда соттун чечимисиз эле телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоо, менчик жерге жашыруун камера коюуга уруксат берүү да каралган.

Айрым активисттер менен депутаттар бул сунуш Баш мыйзамга каршы келерин айтышкан.

XS
SM
MD
LG