Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:42

 Бишкектеги борбордук мечит сүрдүрүлүп, кеңейтилип салынат


Бишкектеги борбордук мечит. Архивдик сүрөт.
Бишкектеги борбордук мечит. Архивдик сүрөт.

Бишкек шаарындагы борбордук мечит бир ай аралыгында сүрдүрүлүп, жаңыдан кеңейтилип курула баштайт. Бул тууралуу 26-майда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан “Азаттыкка" билдирди.

Шаардын ортосундагы мурдагы борбордук мечиттин айланасында автоунаа тыгыны пайда болуп, мечитти кеңейтүү муктаждыгы жаралган. Жаңы мечит демөөрчүлөрдүн колдоосу менен курулат.

Муфтият курулуш учурунда мечиттин тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесине кирген бөлүгү бузулбай, сакталып каларын билдирди.

Учурда Кыргызстанда ислам багытында 110дон ашуун диний окуу жайы бар. Анын ичинен бир Ислам университети, 10 ислам институту, калганы медреселер. Өлкө боюнча 2600дөн ашык мечит бар экени айтылып келет. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG