Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Ош менен Жалал-Абаддагы аскердик машыгуулар аяктады


Машыгууга аталган аймактагы тиешелүү мекеме-органдардын өкүлдөрү катышты.
Машыгууга аталган аймактагы тиешелүү мекеме-органдардын өкүлдөрү катышты.

Ош менен Жалал-Абад облустарында 24-майда башталган “Коопсуздук-2022” жана “Түштүк-2022” деп аталган аскердик машыгуулар бейшембиде жыйынтыкталды.

Коргоо министрлигинин билдиришинче, анын жүрүшүндө жоокерлер өлкөнүн аймагына кирип келген куралдуу топтордун мизин кайтарып, жок кылуу боюнча машыкты.

Стратегиялык объекттерди коргоого, алыскы райондордогу жайкын тургундарды эвакуациялоого жана аларга убактылуу жай камдоого даярданышты.

Машыгууга Куралдуу күчтөрдүн башкаруу органдары, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Ош шаарынын мэриясы, Ноокат жана Ала-Бука райондук администрациялары, тиешелүү министрлик-мекемелердин аймактык бөлүмдөрү катышты.

Былтыр апрелде Баткен облусунда“Коопсуздук-2021” “Калыптандыруу-2021” деп аталган ири масштабдуу машыгуулар өткөн

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG