Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

“Камбар-Ата-1”: Негиздеме түзүүгө Өзбекстан жана Казакстан да катышууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 30-майда президент Садыр Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСинин Техникалык-экономикалык негиздемеси Өзбекстан жана Казакстандын катышуусу менен иштелип жатканын «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан аталган ГЭСти өз күчү менен кура аларын, бирок көп убакыт жана көп каражат кетерин, быйыл плотина курулчу жерге чейинки жолду Кыргызстан өзү кура баштарын, ал эми ГЭСти курууга Өзбекстан менен Казакстан кошуларын билдирип жатышканын айтты:

“Азыр үч тараптын катышуусунда Техникалык экономикалык негиздемеси иштелип жатат. Бир-эки жылдык убакытты талап кылат экен, бүтөрү менен баштайбыз. Эгер дагы башка инвесторлор “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга катышабыз десе, тараптар менен макулдашып, кошуп алууга даярбыз. Бул ГЭС бизге электр энергиясын колдонууга гана керек. Суусун колдонуу Өзбекстан менен Казакстанга көбүрөөк керек. Ошондуктан эки өлкө тең бул ГЭСти курууга катышып, инвестиция салганы жакшы болот”, - деди Жапаров.

2012-жылы Кыргызстан Орусия менен келишим түзүп, орус тарап Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана “Камбар-Ата-1” ГЭСин курмак. Бирок кыргыз тарап бүт милдеттенмелерин аткарганына карабастан Орусиядан иш жылбай жатканын жүйө келтирип, бул келишимден чыккан. Кийин Орусия «РусГидро» компаниясынын 37,5 миллион доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган. Долбоорлоо-изилдөө жана курулуш иштери 2016-жылдын 9-августунан бери токтоп турат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG