Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:36

Мектеп бүтүрүүчүлөрү “Алтын тамга” тестинен өтүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 31-майда Бишкекте жана облустук билим берүү борборлорунда мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы өткөрүлүп жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бүтүрүүчүлөр математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстандын тарыхы жана химия сабактары боюнча сынак тапшырууда.

Быйыл өзгөчө үлгүдөгү (артыкчылык) сертификат алуу үчүн 2232 бүтүрүүчү ат салышууда. Алардын 1388и окутуу кыргыз тилинде, 803ү орус тилинде жана 38и өзбек тилинде өтүүчү мектептердин окуучулары.

«Алтын тамга» тести 11-классты жалаң 5 деген баа менен аяктап, мыкты жыйынтык көрсөтүп келген окуучулардын билим деңгээлин баалоо үчүн уюштурулат. Жеңүүчүлөргө сыйлык жана артыкчылык күбөлүгү тапшырылат.

Кыргызстан 2021-жылы окуу жылынын жаңы форматына өткөн – окуу 15-сентябрда башталып, июндун ортосунда аяктайт. (RK)

XS
SM
MD
LG