Орусиячыл жикчилдер Мариуполдогу бир нече чет өлкөлүк кемени өз карамагына алышарын билдиришти.
“ДНР” деп аталган эл аралык коомчулук тааныбаган аймактын жетекчиси Денис Пушилиндин айтымында, кемелерди “улутташтыруу” чечими кабыл алынды, “жумурияттын соода флоту пайда болот”. Башка бирөөнүн мүлкүн тартып алууга кандай укуктук негиздеме бар экени айтылган жок.
Буга чейин орус бийлиги согуш башталган маалда Мариуполдун портунда Болгария, Доминикан жумурияты, Либерия, Панама, Түркия жана Ямайкага таандык кемелер турганын билдирген. Орусиянын Коргоо министрлиги ал өлкөлөр кемелерин алып кетүүгө аракет кылбаганын айткан. Кандай чара көрүлүшү керектиги жана Орусия кеме ээлери менен байланышканбы же жокпу, түшүнүксүз.
Дүйшөмбүдө Мариуполдон деңиз менен металл жүктөлүп кеткени кабарланган. Украин бийлиги муну “карактоо” деп атаган.
Орусия кошуна өлкөгө кол салгандан кийин Азов деңизинин боюндагы Мариупол жана Бердянск портторун өз көзөмөлүнө алууга жетишкен.
Facebook шеринеси