Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:47

Украинада орусиялык эки аскер узак мөөнөткө эркинен ажыратылды


Александр Бобыкин менен Александр Иванов сотто. Полтава, 26-май 2022-жыл
Александр Бобыкин менен Александр Иванов сотто. Полтава, 26-май 2022-жыл

Украинанын соту туткунга түшкөн орусиялык эки аскердин ар бирин 11 жарым жылга эркинен ажыратты. Алар 24-февралда, Орусия басып кирген биринчи күнү Харьков облусунда жарандык объекттерди аткылаганы үчүн күнөөлүү деп табылды. Прокуратура согуш мыйзамдарын жана салтын бузуу беренеси боюнча айыпталган Александр Бобыкин менен Александр Ивановду 12 жылга кесүүнү сураган. Экөө тең күнөөсүн моюнуна алды.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, 24-февралда алар украин айыл-кыштактарын Орусиянын Белгород облусунан жана украин аймагынан “Град” системасы менен аткылоого катышкан. Прокуратура натыйжада турак үйлөр жана бир лицей талкаланган деп эсептейт.

Адвокат аскерлер командачылыктын буйругун аткарышканын айтып, жазаны жумшартууну сурады. Прокуратура буйрук берген командирлер аныкталып жатканын билдирди. Ивановдун айтымында, айрым жоокерлер кол башчыларына баш ийбей койгон.

23-майда 21 жаштагы орусиялык сержант Вадим Шишимарин Сумы облусунда жай тургунду атып өлтүргөнү үчүн өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилген. Ал дагы күнөөсүн моюнга алган.

XS
SM
MD
LG