Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:44

Казакстан: орус мигранттарынын агылып келиши күтүлүүдө


Нур-Султан аэропорту
Нур-Султан аэропорту

Казакстандын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги сентябрда орус мигранттарынын агылып келиши күтүлөрүн билдирди. Бул тууралуу министрдин орун басары Ерболат Абдулхатин Sputnik Казакстан агенттигине маалымдады.

Аткаминердин айтымында, 1-майга чейин Казакстандын чек арасын 14 миң киши кесип өткөн, алардын тогуз миңи иштөө уруксатын сурап документ тапшырды. Абдулхатин "ушул тапта компаниялары батирдин же мейманкананын акчасын төлөөгө кудуреттүү "каймактар" келип жатканын, күзгө карай каражат табууну көздөгөн катардагы кишилер келе баштайт" деген прогнозу менен бөлүштү. Келгиндер негизинен Алматы шаарын тандашат, алар IT, финансы, банк тармактарында эмгектенгендер.

"Ошол эле маалда пандемияга чейин Орусиядан Казакстанга бир миллионго чейин киши келчү", - деп кошумчалады министрдин орун басары.

Москва Украинага каршы согуш ачкандан кийин жана санкциялар салынгандан бери бир топ чет өлкөлүк компания орус рыногунан чыгып кеткен же ишмердигин убактылуу токтоткон. 24-февралдан бери жүз миңдеген киши башка жерлерге кеткен.

Орусиянын эмгек жана социалдык коргоо министри Антон Котяков жумушсуздардын саны 3,1 миллионго жетип, “өспөгөнүн” майдын башында билдирген.

XS
SM
MD
LG