Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

Украин парламенти акыйкатчы Людмила Денисованы кызматтан алды


Людмила Денисова. Архивдик сүрөт
Людмила Денисова. Архивдик сүрөт

Украин парламенти адам укуктары боюнча ыйгарымдуу өкүл Людмила Денисованы кызматтан алды. Чечимди 234 депутат колдоп, тогузу каршы болду. Добуш берүүнүн жыйнытыгын мыйзам чыгаруучу Ярослав Железняк Телеграм каналына чыгарды. Денисова бул кызматты 2018-жылдын мартынан бери ээлеп келген.

Президенттин “Эл кызматчысы” фракциясы 31-майда аны кетирүү үчүн кол топтогон. Маалыматтарга караганда, депутаттар акыйкатчы орус аскерлери Украинада балдарга “ырайымсыз түрдө” сексуалдык ыдык көргөзгөн деп билдирип келгени менен андай фактылар далилденген эмес.

Андан тышкары Денисовага гуманитардык коридорлорду түзүүгө катышкан эмес, көп убакыт Батыш Европада өткөргөн деген доомат артылууда.

Акыйкатчы 30-майдагы маалымат жыйында аны иштен алуу мыйзамсыз кадам болорун билдирген. Денисованын айтымында, бийлик анын оккупацияланган аймактардагы абал тууралуу маалымат чогултуу ишмердигин жактырбайт.

XS
SM
MD
LG