Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

БУУ: Украинадагы согуш 4 миңден ашуун жай тургундун өмүрүн алды


Украина.
Украина.

Украинага орус аскерлери басып киргенден бери бул өлкөнүн 4113 жайкын тургуну каза болгонун, алардын 264ү балдар экенин 31-майда Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча өкүлүнүн Киевдеги кеңсеси билдирди.

5 миңдей адам жараат алды, алардын 421и балдар.

Каза болгондордун көбү окко учкан же авиачабуулдарга кабылган.

Талдоочулар мерт болгондордун саны мындан кыйла көп болушу мүмкүн экенин айтып жатышат.

Орусия Украинага быйыл 24-февралда кол салган. Ошондон бери бир катар аймактарда салгылашуу уланууда. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр майнап берген жок. (RK)

XS
SM
MD
LG