Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

4-июндун аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

4-июнда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, бийик тоолордо кар жаайт, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 20…25;

Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 19…24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 13…18, күндүз 22…27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 14...19;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19;

Бийик тоолордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 4…9 градус.

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 23…25 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG