Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Саламаттык сактоо министринин үч орун басары кызматтан алынды


Саламаттык сактоо министрине каршы пресс-конференция (16.02.2022). Оңдон биричи - Улук-Бек Бектурганов, экинчи - Жапаркул Ташиев, үчүнчү - Жалалидин Рахматулаев.
Саламаттык сактоо министрине каршы пресс-конференция (16.02.2022). Оңдон биричи - Улук-Бек Бектурганов, экинчи - Жапаркул Ташиев, үчүнчү - Жалалидин Рахматулаев.

Саламаттык сактоо министринин үч орун басары кызматтан алынды. Өкмөттүн расмий сайтындагы 4-июндагы маалымат боюнча, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон чечимге ылайык, иштен Жалалидин Рахматулаев, Улук-Бек Бектурганов жана Жапаркул Ташиев алынышты. Бектурганов өлкөнүн башкы мамлекеттик санитардык врачы кызматын ээлеп келген, ал жакында коррупцияга шектелип кармалган.

Рахматулаев менен Бектурганов бул кызматтарына 2021-жылдын мартында, Ташиев ошол эле жылдын ноябрында дайындалышкан.

Быйыл 16-майда алар министрге каршы пресс-конференцияга чыккандардын арасында болушкан.

30-майда Алымкадыр Бейшеналиев орун басарларын иштен алуу өтүнүчү менен президентке кайрылганын, себеби өкмөткө кайрылуусунан майнап чыкпаганын айткан.

2-июнда Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри кармалганын, ага карата жети кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатканын маалымдаган. Ушул эле күнү Саламаттык сактоо министрлигинин үч жооптуу кызматкери, алардын арасында Улук-Бек Бектурганов коррупцияга шектелип кармалган.

3-июнда президент Садыр Жапаров министрдин кармалганы тууралуу “Азаттыкка” комментарий берип, комисcия түзүлгөнүн айткан.

4-июнда мамлекет башчы кол койгон тескеменин негизинде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев ээлеген кызматтарынан “тергөө мезгилине” деген негизде убактылуу четтетилишти.

Министрдин милдетин аткаруучу болуп Жаркынбек Касымбеков дайындалары айтылууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG