Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

Саламаттык сактоо министринин жаңы орун басарлары дайындалды


Саламаттык сактоо министринин жаңы орун басарлары - Жаркынбек Касымбеков, Бүбүжан Арыкбаева жана Улан Садыков.
Саламаттык сактоо министринин жаңы орун басарлары - Жаркынбек Касымбеков, Бүбүжан Арыкбаева жана Улан Садыков.

Саламаттык сактоо министринин жаңы орун басарлары дайындалды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 4-июнда кол койгон чечимге ылайык, бул кызматтарга Жаркынбек Касымбеков, Улан Садыков жана Бүбүжан Арыкбаева дайындалышты. Арыкбаева өлкөнүн башкы мамлекеттик санитардык дарыгери кызматын аркалайт.

Ушул эле күнү орун басарлык кызматтан Жалалидин Рахматулаев, Улук-Бек Бектурганов жана Жапаркул Ташиев алынышкан. Бектурганов өлкөнүн башкы мамлекеттик санитардык врачы кызматын ээлеп келген, ал жакында коррупцияга шектелип кармалган.

30-майда Алымкадыр Бейшеналиев орун басарларын иштен алуу өтүнүчү менен президентке кайрылганын, себеби өкмөткө кайрылуусунан майнап чыкпаганын айткан.

2-июнда Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри кармалганын, ага карата жети кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатканын маалымдаган.

3-июнда президент Садыр Жапаров министрдин кармалганы тууралуу “Азаттыкка” комментарий берип, комисcия түзүлгөнүн айткан.

4-июнда мамлекет башчы кол койгон тескеменин негизинде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев ээлеген кызматтарынан “тергөө мезгилине” деген негизде убактылуу четтетилишти.

Жаркынбек Касымбеков министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалары айтылууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG