Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Чек арада жараат алган эки жоокердин абалы оор


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасында 3-июнда жараат алган эки жоокердин абалы оор. Бул тууралуу 4-июнда “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, Чек ара кызматынын эки аскери Бишкекке бүгүн жеткирилип, Улуттук госпиталга жаткырылды.

Башынан жараат алган, мээси чайкалган жана омуртка сөөгү сынган 21 жаштагы жоокер нейротравма бөлүмүнө жаткырылды. Ал эсинде экени, абалын дарыгерлер туруктуу оор деп баалап жатышканы айтылды.

Баш сөөгү, моюну, төш сөөгү, ийини, кежигеси, далысы октон жабыркаган, мээси чайкалган 22 жаштагы жоокердин абалы оор, ага операция жасалууда.

Кечээ 3-июнда Тажикстандын чек арачылары Баткен районундагы Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөнүн кыргыз тарап кабарлаган. Чек ара кызматы алар кыргыз чек арачыларынын өз аймагына чыгуу талабын аткарбаганын, алгач тажик чек арачылары ок чыгарып, ортодо атышуу болгонун, кийин тажик тарап аскердик оор техникасын тартканын кабарлаган. Бир нече сааттан кийин ок атышуу токтогон. (RK)

XS
SM
MD
LG