Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

Украина Северодонецкиде жоготкон тилкенин 20% кайра өз көзөмөлүнө алды


Северодонецк.
Северодонецк.

Украина Северодонецк шаарынын орус аскерлерине алдырып койгон тилкесинин 20 процентин кайрадан өз көзөмөлүнө алганын билдирүүдө. Луганск облусунун башчысы Сергей Гайдай 4-июнда билдиргендей, шаарда салгылашуу уланууда. Ага чейин ал шаардын 70 проценти орус аскерлеринин көзөмөлүндө турганын айткан.

Гайдай Орусиянын аскерлери аймактагы Северский Донец суусундагы көпүрөлөрдү жардырып, аскерлерге жана шаардын жайкын тургундарына жардам жеткирүүгө тоскоолдук жаратып жатышканын кошумчалады.

Эксперттер белгилегендей, Северодонецк менен Лисичанск шаарлары куласа, анда Луганск облусу толук бойдон Орусиянын көзөмөлүнө өтөт. Бул - Кремл “атайын операциясын” баштап жатканда алдына койгон максаттардын бири болчу. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG