Орусиянын президенти Владимир Путин орус аскерлери Украинанын буудайын Кара деңиз аркылуу экспорттоого тоскоолдук жаратып жатышканы тууралуу айыптоолорду четке какты. 3-июнда жергиликтүү мамлекеттик телеканалга курган маегинде Путин орус өкмөтү кемелерге Кара деңиздеги порттордон тынч өтүп чыгуусуна кепилдик берерин айтты.
Путин Украина буудайын Николаев жана Одесса шаарларындагы порттор аркылуу алып чыкса болорун, бирок ал үчүн жээкке каткан миналарын тазалашы керектигин, Орусия андан пайдаланып деңизден чабуул жасабай турганын билдирди.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Путиндин айткандарына жооп берип, Украина Одесса порту аркылуу экспортун улантууга даяр экенин, бирок Орусия ошол соода жолун пайдаланып Одессага чабуул жасашы ыктымал деген кооптонуу бар экенин айтып, орус тараптан азырынча андай болбойт дегенге кепилдик жок болуп жатканын кошумчалады.
Орусия Украинага 24-февралда кол салганга чейин украин буудайынын 90% экспорту Кара деңиздеги порттор аркылуу жөнөтүлчү. Орусия жээктин көпчүлүк бөлүгүн басып алып, калган бөлүгүнө өзүнүн кемелерин жайгаштырып койгондуктан порттор иштебей, буудайды ташууга шарт жок болууда. (RK)