Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:02

УКМКнын окуу-машыгуу борбору ачылды


Президент Садыр Жапаров жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиев.
Президент Садыр Жапаров жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиев.

Бишкектин четинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) окуу-машыгуу борбору ачылды. 4-июнда борбордун ачылышына президент Садыр Жапаров катышты.

Өз сөзүндө Жапаров Кыргызстандагы коомдук-саясий абалды нугунан чыгарып, туруксуздаштыруу ниетин көздөгөн эл аралык террордук, диний экстремисттик уюмдар, баӊгизат боюнча кылмыштуу топтор өлкөнүн коопсуздугуна күтүүсүз коркунуч жаратышы толук ыктымал экенин айтты.

Борбор бир жыл ичинде курулуп бүттү. Ал жерде кызматкерлер тажрыйбасын такшалтып, машыгып, дасыккан адис болуп чыгышына зарыл шарттар түзүлгөнү, тийиштүү материалдык-техникалык база менен жабдылганы айтылды.

Талдоочулар Ооганстандагы жана коңшу Тажикстандагы соңку окуялар жалпы Борбор Азия аймагына коркунуч жараткан жагдай экенин белгилеп келишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG