Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

Вакцина сатып алуудагы жемкорлукка шектүү жетекчилердин бөгөт чарасы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

COVID-19га каршы вакцина сатып алуудагы жемкорлукка шектүү катары кармалган жетекчилердин бөгөт чарасы 4-июнда аныкталды.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Улук-Бек Бектурганов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 2-августка чейин, Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова ошол эле абакка 2-июлга чейин камалды. Ал эми министрликтин дары-дармек жана медициналык буюмдар бөлүмүнүн башчысы Султан Сатарбеков үй камагына алынды. Алар үчөө тең 2-июнда кармалышкан.

Саламаттык сактоо министри кызматынан президенттин тескемеси менен убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиев да ошол күнү кармалган. Октябрь райондук сотунун 4-июндагы чечими менен Бейшеналиев бир айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Башкы прокуратура Бейшеналиевге карата “коррупция”, “опузалап пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү” деген беренелердин негизинде жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген.

4-июнда Бейшеналиев менен кошо башкы прокурор Курманкул Зулушев да ишинен убактылуу четтетилген. Буга экөөнүн ортосундагы жеке мамиле да себеп экени белгиленген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG