Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

ӨКМ: Тоютсуз калган айылга чөп жеткирилди


Ак-Шыйрак айылы.
Ак-Шыйрак айылы.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Шыйрак айылына 1200 түк чөп жиберилгенин 4-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жеткирүү ишине жалпысынан алты оор техника тартылды.

29-30-май күндөрү кар калың жаагандыктан бир нече аймакта кар көчкү жана жер көчкү жүрүп, Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда жолдор жабылып калган. Каттам да үзүлгөндүктөн жайлоого чыккан малчыларда тоют көйгөйү пайда болуп, миңдеген мал-жандык өлгөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG