Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Казакстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүүдө


Казакстан. 2022-жылдын 5-июну.
Казакстан. 2022-жылдын 5-июну.

Казакстанда бүгүн 5-июнда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп жатат. Өлкө боюнча 10 миңдей, ал эми чет мамлекеттерде 60ка жакын добушкана ачылды. Шайлоочулардын жалпы саны 12 миллиондун тегерегинде.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр колдоо тапса 98 беренеден турган Конституциянын үчтөн бир бөлүгү алмашат.

Жашыруун добуш берүү бюллетенинде сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү колдойсуздарбы же жокпу деген гана эки суроо бар.

Добуш берүүнүн жүрүшүнө 25 өлкөдөн жана 11 эл аралык уюмдан 272 чет өлкөлүк байкоочу көз салат.

Президент Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен өткөрүлүп жаткан референдумда жаңы түзөтүүлөр кабыл алынса экс-президент Нурсултан Назарбаевдин Баш мыйзамдагы макамы жоюлат. Бийлик өкүлдөрү жаңыланган Баш мыйзам менен Казакстан "супер президенттик" системадан баш тартат деп ишендирүүдө. Бирок көз каранды эмес байкоочулар быйылкы кандуу Январь окуяларынан кийин сунушталган өзгөртүүлөрдү реформа деп атай албай турушат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG