Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:28

Кыргызстан-Орусия: Пандемиядан берки алгачкы поезд жолго чыгат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 6-июнда Кыргызстандын Орусияга темир жол каттамы кайрадан ачылат. Бишкектен Казан шаарына алгачкы поезд кечинде жолго чыгат.

8-июнда Самара, 9-июнда Новосибирск шаарларына каттамдар башталат.

Орусияга поезд каттамы Казакстан аркылуу өтөт. "Кыргыз темир жолу" ишканасы Казакстандын эрежеси боюнча жүргүнчүлөрдө соңку 72 саатта жасалган ПЧР тесттин вирус жок деген сертификаты талап кылынарын 25-майда эскерткен. Беш жашка чейинки балдар үчүн сертификат талап кылынбайт. Орусиянын талабына ылайык, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө эмес өлкөлөрдүн гана жарандарынан ПЧР тесттин жыйынтыгы суралат.

Кыргызстандын эл аралык темир жол каттамы 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу токтогон.

Расмий маалымат боюнча, азыр бир миллиондон ашык кыргызстандык Орусияда иштейт. (RK)

XS
SM
MD
LG