Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:54

Орусияда кыргыз жаштары "аябай көп" камалып жатканы айтылды (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда курьер болуп иштеп жүрүп көп жылга камакка алынып калган кыргызстандык жаштар маселеси бүгүн 7-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент комитетинде акыйкатчынын жылдык баяндамасы угулуп жатканда көтөрүлдү.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Орусияда 18-25 жаштагы кыргызстандык улан-кыздар “аябай көп камалып жатышканын” билдирди:

“Көпчүлүгү баңгизат менен камалууда. Курьерлик кызмат деп онлайн окутушат экен да, жеткирип берген жерден полиция камакка алып жатат “баңгизат саттың” деп”.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу ата-энелер жана жергиликтүү бийлик сыртка жумушка кетип жаткан балдарына ушундай коркунуч бар экенин эскертиши керектигин айтты:

“Эч бир тамеки тартпаган кыздар жана балдар камалып кетүүдө түшүнбөстүктүн айынан. Жеткирип берүү кызматына кызыгып, 3-5 миң рубль ала коем деп…”.

Башкы прокуратуранын өкүлү бул маселе соңку эки жылдан бери курч болуп, кыргызстандык жаштар Орусияда “чоң-чоң мөөнөткө” кесилип кетип жатканын, көйгөй “абдан чоң” экенин билдирип, ал жактан укуктук жардам берүү мүмкүн эместигин, болгону, Кыргызстанга экстрадициялап, жазасын мекенинде өтөй тургандай кылууга гана көмөк көрсөтө алышарын белгиледи.

Расмий маалымат боюнча, азыр бир миллиондон ашык кыргызстандык Орусияда иштейт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG