Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөдөн акча которуулардын үстүнөн көзөмөлүн күчөтүүнү сунуштоодо. Мекеме иштеп чыккан тийиштүү мыйзам долбоору азыр коомдук талкуудан өтүүдө, талкуу 2-июлга чейин уланат.
Долбоор террордук ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу жол менен табылган кирешени адалдаштыруу аракетине каршы иштелип чыкканы айтылды.
Эгер ал колдоо таап, кабыл алынса, коммерциялык банктарга Кыргызстандан акча которуп жаткан кардарын текшерүү боюнча коюлуучу талаптар күчөтүлөт. 70 миң сомдон көп акча жөнөтүлүп жаткан болсо кардар атайын анкета толтурууга милдеттүү болот.
Орусия Украинага кол салгандан кийинки санкциялардан улам валюталар курсу олку-солку боло баштаганда Улуттук банк акча которуулар боюнча айрым чектөөлөрдү киргизген.
Кыргызстанда жыйырмадан ашуун коммерциялык банк бар, аларды Улуттук банк көзөмөлдөйт. (RK)