Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:56

Жапаров авариялык абалдагы мектептер үч жылда оңдолорун айтты


Чаткалда шыбы ураган класс. Иллюстрациялык сүрөт.
Чаткалда шыбы ураган класс. Иллюстрациялык сүрөт.

Авариялык абалдагы мектептердин баары үч жыл ичинде оңдолуп бүтөрүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 7-июнда “Кыргызстандын жаш таланттары” долбоорунун катышуучулары менен жолугушууда билдиргенин “Кабар” улуттук маалымат агенттиги жазды.

Маалыматта айтылгандай, Жапаров бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпысынан 253 мектеп кооптуу абалда экенин айтып, үч жыл аралыгында алар жаңыланып, окуучулар бекер колдоно ала тургандай интернет байланышы менен камсыз кылынарын айтты.

Эскилиги жетип, жараксыз абалга кептелген мектептер маселеси Кыргызстанда көптөн бери айтылып келе жатат. Өткөн айда Чаткалда орто мектепте сабак учурунда класстын шыбы урап түшкөн. Кырсык болгон учурда кабинетте мугалим жана 16 окуучу болгон. Алар баары дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандагы 2162 мектептин 250гө жакыны авариялык абалда. Бул ар бир тогузунчу мектепте окуу опурталдуу дегенди билдирет.

Бириккен Улуттар Уюмунун жакырчылыктын жеткен чегин изилдеген атайын баяндамачысы Оливье Де Шуттер 3-июнда “Азаттыкка” курган маегинде Кыргызстанда мектептердин басымдуу бөлүгү оңдоп-түзөөнү талап кылары билим берүү тармагындагы негизги маселелердин бири экенин айтып, “179 мектепти таптакыр түрттүрүп салуу керек” деген пикирин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG