Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:09

Жалпы республикалык тестирлөөнүн кошумча этабы 24-25-июнда өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) кошумча этабы 24-25-июнда өтөт. Билим берүү жана илим министрлиги 7-июнда билдиргендей, сынактар Бишкекте жана Ошто уюштурулат.

Тестирлөөнүн негизги этабы 24-28-май күндөрү өткөн. Түрдүү себептерден улам ага мектеп жана коллеж бүтүрүүчүлөрүнүн айрымдары катыша албай калган.

Кошумча сынакка катталуу 15-23-июнда жүргүзүлөт. Быйылкы негизги сынактан өтпөй калгандар кошумча тестирлөөгө катыша алышпайт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG