Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:24

Пакистанда автобус жардан кулап, 22 киши мерт кетти


Пакистандагы автобус кулаган жер. 8-июнь, 2022-жыл. Белужистан.
Пакистандагы автобус кулаган жер. 8-июнь, 2022-жыл. Белужистан.

Пакистандын түштүк-батышындагы тоолуу аймактардын биринде бараткан автобус жардан кулап, кеминде 22 кишинин өмүрү кыйылды. Алардын көбү аялдар жана балдар.

Маалыматтарга караганда, айдоочу Белужистан провинциясындагы Ахтарзай районундагы чукул бурулуштардын биринен рулду башкара албай калган болушу мүмкүн.

Жергиликтүү оорукананын башчысы «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна билдиргендей, ооруканага 12 аял жана беш баланын сөөгү түштү.

Пакистандын президенти Ариф Алфи жана башка бийлик өкүлдөрү кайтыш болгондордун жакындарына көңүл айтышты.

Белужистан - Пакистандагы эң жакыр провинциялардын бири. Статистикага караганда аймактагы жолдордун абалынын начардыгынан автокырсыктар жыл сайын жүздөгөн адамдын өмүрүн алат.

Былтыр июлда автобус кырсыгынан 33 адам мерт кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG