Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Дүйшөмбү шаарынын жака белиндеги үйлөр түрттүрүлдү


Дүйшөмбү шаарынын четиндеги Варзоб районунда бир нече жеке турак жайлар түрттүрүлдү. Тургундар үйлөрүн мыйзамдуу курганын, эми башпаанексиз калганын айтышууда. Аткаминерлер бул райондордо үй куруу мыйзамсыз болгонун, жер жайыт экенин билдиришти.

Жашоочулар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үйлөрдү укук коргоо органдарынын, анын ичинде прокуратура кызматкерлеринин катышуусу менен бузганын маалымдашты.

Журналисттер бул конушта 15тен ашуун үй толугу менен бузулганын санап чыгышты. Айрымдары жарым-жартылай түрттүрүлгөн.

2020-жылы Тажикстандын Башкы прокуратурасы мыйзамсыз жер сатуу жана жалган документ жасоо айыбы менен 296 кызмат адамы жоопко тартылганын кабарлаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG