Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

Токаев Казакстан Орусияга каршы санкцияларды бузбашы керектигин айтты


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Орусиянын президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Орусиянын президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Россия 24» телеканалына курган маегинде казак бийлиги союздаштарынын алдындагы милдеттенмелеринен баш тартпай турганын билдирди. Казакстан Орусияга киргизилген санкцияларды бузбастан ага экономикалык жактан жардам бере алабы деген суроого жооп берип жатып ал бардык келишимдер күчүндө экенин айтты.

«Путин менен сүйлөшкөнүмдө мен ага экономикалык макулдашууларыбыздын баары күчүндө экенин айттым. Андан башкача жол туура эмес жана пайдасыз болмок», - деди Токаев.

Токаев ошол эле учурда Казакстан Орусияга каршы киргизилген «санкцияларды бузбашы керектигин» айтты.

«Анын үстүнө бизге Батыштан туунду санкциялар тууралуу билдирмелер келип жатат. Өтө татаал, кылдат иш жүрүп жатат», - деди казак лидери.

Ал «Казакстандын мамилеси сууп, жада калса Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыкканы жатат деген сөздөр таптакыр чындыкка дал келбей турганын» билдирди.

Казак бийлиги Орусия Украинада согуш баштап, Батыштын санкциялары киргизиле баштагандан бери бул өлкөгө карата позициясын билдире элек болчу. Март айынын соңунда Казакстандын президенттик администрациясындагы расмий адамдардын бири Тимур Сулейменов Казакстан Орусияга санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам бербейт деп айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG