Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Ооруканада дарыланып жаткан Атамбаев сот отурумуна барды


Алмазбек Атамбаев. 2022-жылдын 16-июну.
Алмазбек Атамбаев. 2022-жылдын 16-июну.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн 16-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев айыпталып жаткан иштердин айрымдары боюнча сот отуруму өтүүдө. Ага бул күндөрү ооруканада дарыланып жаткан Атамбаев өзү да катышууда. Отурум жабык өтүп жатат.

Жактоочулардын айтымында, Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу жана мурдагы “Себат” окуу жайынын түркиялык 10 демөөрчүсүнө кыргыз жарандыгы берилген факт боюнча иштер каралууда. Бүгүнкүгө тараптардын жарыш сөзү пландалган.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ал 2020-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган жана мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыккан. Бул өкүмдү Жогорку сот быйыл март айында күчүндө калтырган.

“Батукаев ишинен” тышкары Атамбаев “Кой-Таш иши” (аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган), 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар, кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жемкорлук, борбор калаанын Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү иштери боюнча да айыпталып жатканын Бишкектин Биринчи Май райондук соту билдирген.

Атамбаев өзү бул айыптоолорду саясий куугунтук катары баалап келет.

Бийлик жана укук тартибин коргоо органдары Атамбаевге карата куугунтук жок экенин, соттук териштирүүлөр мыйзам чегинде жүрүп жатканын айтууда.

“Кой-Таш иши” боюнча буга чейинки бир нече отурумда Атамбаев тосмону тепкилеп, тоскоолдук жараткандыктан сот залынан чыгарылган.

Алгач УКМКнын тергөө абагында, кийин Бишкектеги №47 колонияда кармалып келген мурдагы башчы быйыл апрелдин башында Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 колонияга которулган. 25-апрелде ал Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG