Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:35

Акылбек Жапаров экономикалык форумга катышуу үчүн Санкт-Петербургга барды


Акылбек Жапаров Санкт-Петербургдун аэропортунда.
Акылбек Жапаров Санкт-Петербургдун аэропортунда.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында бүгүн 17-июнда башталып жаткан эл аралык экономикалык форумга Кыргызстандан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган расмий делегация катышууда. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров «Евразиялык экономикалык биримдик: интеграциянын жаңы сапаты» сессиясында сөз сүйлөйт.

Форум алкагында Акылбек Жапаров бир катар компаниялардын жана мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрөт.

Санкт-Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форум туруктуу өнүгүүнү камсыздоо максатында глобалдык экономиканын негизги маселелерин талкуулоо аянтчасы катары 1997-жылдан бери уюштурулуп келе жатат. Анын быйылкы темасы – «Жаңы дүйнө — жаңы мүмкүнчүлүктөр».

Форумга 40ка жакын расмий делегация катышууда. Уюштуруучулар билдиргендей, ага аймактагы өлкөлөр арасынан президент баштаган делагация Казакстандан гана барат. Казак президенти Касым-Жомарт бул иш-чарага өзү барарын, андан тышкары казак делегациясы июль айында Екатеринбургда өтө турган өнөр жай көргөзмөсүнө да катышарын 16-майда билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG