Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:49

Саламаттык сактоо министрлиги кара тумоо тууралуу изилдөөгө пикирин билдирди


Кыргызстандын тоолору.
Кыргызстандын тоолору.

Саламаттык сактоо министрлиги 14-кылымда кара тумоо Кыргызстандын Ысык-Көл аймагынан тарай баштаган деген чет өлкөлүк окумуштуулардын илимий изилдөөсү тууралуу билдирүү таратты.

Министрлик Nature журналында жарыяланган илимий изилдөөдө Бишкектин четиндеги (Кара-Жыгач чеби) жана Токмокко (Бурана) жакын жердеги археологиялык жана палеонтологиялык казуулардын жүрүшүндө табылган болгону жети адамдын сөөгүнүн үлгүсү алынганы айтылат.

"Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери патогендик микробдордун ДНКсынын бар-жогу боюнча материалдарды экспертизадан өткөрүүгө катышкан эмес. Ысык-Көл облусунда кара тумоо (чума) микробунун ДНКсын аныктоо үчүн көмүлгөн эски жерлерди казуу иштери жүргүзүлгөн эмес. Чүй облусунун аймагында учурда кара тумоонун табигый очоктору жок жана толугу менен калыбына келтирилген", - деп билдирди министрлик.

Саламаттык сактоо министрлиги 21-кылымда медицина кара тумоонун очокторун алгачкы этапта токтотууга жана 14-кылымдагыдай масштабдуу эпидемиялардын кайталанышына жол бербеген бийиктикке жеткенин белгилейт.

Министрлик аталган макала Ысык-Көлдү жана Кыргызстанды популярдуу эс алуучу жай катары жаманатты кылууга багытталган “буйрутма” сыяктуу көрүнөрүн айткан.

Кара тумоо тарыхтагы эң ири эпидемиологиялык жоготуулардын бири. Кара тумоодон Европа континентинин калкынын 50% жакыны курман болгон. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG