Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Шайлоо: Макрондун коалициясы парламентте көпчүлүктү түзбөй калды


Эммануэль Макрондун коалициясында буга чейин 300дөн ашык мандат бар болчу.
Эммануэль Макрондун коалициясында буга чейин 300дөн ашык мандат бар болчу.

Францияда 19-июндагы Улуттук ассамблеяга (парламент) шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, “Бирге!” деп аталган президенттик коалиция көпчүлүк боло албай калды.

Парламентте көпчүлүктү түзүү үчүн президент Эммануэль Макрондун тарапташтарына кеминде 289 орун керек. Добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгына ылайык, “Бирге!” коалициясына 237 мандат тиет.

Жан-Люк Меланшон жетектеген солчул парттиялары 130 орун менен шайлоодо экинчи болуп келди.

Үчүнчү орунду 89 мандат менен ашынган оңчулдардын лидери Мари Ле Пендин партиясы алды. Бул аталган партиянын тарыхындагы эң мыкты көрсөткүч болуп калды.

Макрондун коалициясында буга чейин 300дөн ашык мандат бар болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG