Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:05

ЖК: Эсептөө палатасы менен Улуттук банк тармактык комитетте отчет берет


Улуттук банк.
Улуттук банк.

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында Эсептөө палатасы менен Улуттук банк 2021-жылдагы иштери тууралуу отчет берет.

Буга чейин Улуттук банктын дарегине чет мамлекеттерден которулган акча ошол валютада берилбей жатканына байланыштууу сын-доомат көбөйгөн. Улуттук банктын жетекчилиги мындай банктар жазаланарын эскерткен.

Анын алдында айрыкча Европадагы журтташтар Кыргызстанга которгон акчасын жакындары доллар жана евро менен ала албай жатканына нааразы болуп, жиберилген каражат сомго эң төмөн курс менен которулуп, ортодо жоготууга учурап жатышканы белгилүү болгон. Ушундай эле көйгөй Орусиядан акча которууларга байланыштуу да чыгып жатканы айтылган.

Улуттук банк бул маалыматты четке кагып, банктарда евро же доллар жетиштүү көлөмдө болбой калышы мүмкүн деген жүйө келтирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG