Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:07

Хорогдогу тополоң: Рахмон "Ислам кайра жаралуу" партиясын айыптады


Эмомали Рахмон.
Эмомали Рахмон.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Хорог шаарындагы соңку окуяларга байланыштуу биринчи жолу үн катты. Ал 18-июнда жергиликтүү жана республикалык бийлик башчылары менен жолугушууда "куралданган адамдарды жок кылуу тууралуу буйрук бергенин" жана анын "мындан башка аргасы болбогонун" айтты. Ошондой эле тоз-тополоңдон улам ишмердигине тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясын" күнөөлөп, карапайым тургундардын айыбы жок деп билдирди.

Өткөн аптада тажик күч органдары "бийликтин багынып берүү талабына баш ийбегендиктен” Хорогдун бейрасмий лидерлери Хурсан Мазоров менен Зоир Ражабов “атайын операциянын” жүрүшүндө өлтүрүлгөнүн билдирген.

“Азаттыктын” тажик кызматы Мазоров жана Ражабов өздөрүн жардырып жибергенин жазган. Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда телефон жана интернет байланышы жок болгондуктан, көз карандысыз булактардан маалымат алуу дээрлик мүмкүн эмес.

Расмий маалыматка ылайык, Мазоровго Кылмыш-жаза кодексинин 11 беренеси, анын ичинде терроризм, адам өлтүрүү, баңгизатын сатуу менен кылмыш иши козголгон. Ал эми Ражабовго сегиз берене, анын ичинде терроризм, мамлекеттик бийликтин имараттарын жана курулуштарын басып алуу, улут аралык кастыкты козутуу менен айып коюлган.

14-майда Хорог шаарында жүздөгөн адам нааразылык акцияга чыгып, автоном облустун башчысын жана мэрди кызматтан кетирүүнү, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Көп узабай тажик бийлиги чөлкөмдө “антитеррордук операция” баштаган. “Сегиз жоочу жок кылынганын, 11и жарадар болгонун” маалымдаган. 100дөн ашык адам кармалганы ырасталган. Жергиликтүү жашоочулар каза тапкандар мындан көп деп айтышат.

31-майда “антитеррордук операциянын” жүрүшүндө Рушан районунун Дерзуд айылынын дагы беш тургуну өлтүрүлгөнү белгилүү болгон.

27-майда “Хьюман Райтс Уотч” (HRW) эл аралык укук коргоо уюму расмий Дүйшөмбүнү Тажикстандын бийлиги нааразылыкка чыккандарды куугунтуктоону токтотуп, аларга каршы жасалган кылмыштарды иликтеши керек” деп билдирген.

"Ислам кайра жаралуу" партиясы террористтик уюмдардын катарына 2015-жылы кошулуп, ишмердигине тыюу салынган. Ошондон бери бир катар лидерлери, мүчөлөрү кармалып соттолгон. Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Дүйшөмбүнүн бул аракеттерин айыптап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG