Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Күрөш боюнча Азия чемпионатында (U-17) эки кыргызстандык алтын медал утту


Күрөш боюнча 17 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын ачылыш аземи, Бишкек. 19-июнь, 2022-ж. "Бишкек-Арена".
Күрөш боюнча 17 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын ачылыш аземи, Бишкек. 19-июнь, 2022-ж. "Бишкек-Арена".

19-июнда Бишкекте күрөш боюнча 17 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты башталды. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмундагы маалыматка таянсак, мелдештин алгачкы күнү 17 жашка чейинкилер арасында грек-рим күрөшүнөн жети салмакта байгелер ойнотулду.

Кыргызстандык балбандар бул күнү эки алтын, бир күмүш жана бир коло байге алды. Алтын медалды Жантөрө Мирзалиев (60 кг), Нурболот Сыргабай уулу (92 кг) жеңди. Ал эми күмүш медалга Кубаныч Аринов (51 кг), коло байгеге Абдулходжа Абдулходжаев (55 кг) ээ болду.

Күрөш боюнча 17 жана 23 жашка чейинки курактагылар арасындагы Азия чемпионаты 26-июнга чейин уланат. 23 жашка чейинки балбандардын таймашы 22-июнда башталат.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей, мелдешке 40 өлкөдөн эки миңден ашуун спортчу катышууда. Кыргызстандан 60 балбан күч сынашат.

Таймаштар Бишкектеги “Бишкек-Арена” муз майданында өтүп жатат. 19-июнда чемпионаттын расмий ачылыш аземи болду. Салтанаттуу иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Азиянын Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун президенти Даулет Турлыханов, Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюмунун вице-президенти Ахрол Рузиев баштаган бир катар расмийлер катышты. (ECh)

Күрөш: Кыргызстан жаңы жылдыздарды күтөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:57 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG